Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылыдн 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов” үч айлыгынын алкагында №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинде үч айлыкты жыйынтыктоочу “Кыргыз тили жана Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу иш-чарасы ѳткѳрүлдү.
Үч айдын ичинде ѳткѳрүлгѳн иш-чаралар: “Каармандар сүйлөйт” аттуу сахналаштыруу кароо-сынагы, “Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын көзү менен” аттуу көркөм сүрөт жана кол ѳнѳрчүлүк кароо-сынагы, “Айтматов ааламы” аттуу изилдөө долбоор кароо-сынагы жана “Жаш манасчы”, кѳркѳм окуу сынагы жана ачык сабактар, класстык сааттар.
Бул иш-чаралар Ч.Айтматовдун чыгармаларын даӊазалоо, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү, Ч. Айтматовдун чыгармалары аркылуу келечек муунду руханий, акыл-ой жана көркөм-эстетикалык жактан тарбиялоо жана Улуу жазуучунун чыгармаларына кызыгуусун ойготуу, таланттуу окуучуларды шыктандуруу максатында өткөрүлдү.
Негізгі бет Кыргыз тили жана Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов
Пікірлер