Астанада 13 жылдан бери биринчи жолу Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери чогулушту. Консультациялык жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты. РБК маалымат агенттиги “аймактагы мамилелердин жанданышы Россия жана Кытайдын Батыш менен болгон тирешүүсүнүн фонунда аймактагы өлкөлөрдүн арасындагы байланыштарды күчөтүү зарылдыгы менен түшундүрүлөт”-деп жазды. Аймактык кызматташтыктын зарылдыгы тууралуу бизнес буга чейин эле айтып келген. Борбор Азия өлколөрү жалгыздап алып караганда салыштырмалуу кичи базарлары менен көптөргө кызыктуу эмес. Ал эми дээрлик 70 миллиондук жалпы базар бизнестин өнүгүүсүнө өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Негізгі бет Жоодар Сайдилкан: Саясат бизнести ээрчиши керек
Пікірлер: 2