Көп өтпөй бир бөлмөлүү үйгө көчүрдү, анын оюн сезип калган Жаркынай минтти:
- Бекер убара болуп жатасыз, баарын кайтарып алыңыз, сиздин үй-бүлөөңүз турса мен кантип...
- Жаркын, андай дебе, мен сенден керек болсо жанымды да аябайм.
- Үй-бүлөөңүз турса бир алсыз аялды шылдың кылгыңыз барбы?
- Шылдың кылганым жок, жан дилим менен жакшы көрөм сени, сүйөмүн Жаркынай, ушул жашка келип бир дагы аялдын алдында өзүмдү мынчалык бечара сезген эмесмин, сен менин экинчи түгөйүм бол суранам!
- Токолум бол дегениңиз го?
Негізгі бет "Токол" | 5 | Токолум бол дегениңиз го? | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
Пікірлер: 13