Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/saadatym
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Жамгырдагы кусамат
Сөзү: Зайырбек Ажыматов
Обону: Элмирбек Иманалиев
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Төгүлүп бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?
Сооротор сөздү таба албай,
Соңуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумуң коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумуң коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Жамгырдагы кусамат (Official Audio)
Пікірлер