Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/saadatym
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Даниярдын ыры
Сөзү: Илгиз Талипов
Обону: Асанкалый Керимбаев
Көз ачып жарыка көрүнгөн,
Туулган жер чыгабы көңүлдөн.
Күлгүн кез өткөндөй өзүңдөн,
Гүл терип жайыгың төрүңдөн.
Саянды самачу кулунуң,
Сагынчы көөдөндө төгүлгөн.
Өмүрдө түшүрбөс желегим,
Өксүсөм дем-кубат берерим.
Мээримдин илебин туямын,
Өзүңдөн атанын, эненин.
Айланар сен алтын казыгым,
Адашпай кайрылып келерим.
Туулган жер сен алтын казыгым,
Тун уккан сулуунун наз ырын.
Тагдырга арманын айтабы,
Тапкан жар арзыган асылым.
Каркыра мен болдум издеген,
Кайда деп кара көз ашыгым.
Өрттөсөң кайылмын жалынга,
Өмүрлөш болчу эркем жанымда.
Тагдырга миң ирет ырахмат,
Перизат сени айткан багыма.
Обондун купуя сыры бар,
Кайрыгы Жамиля, Жамиля.
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Даниярдын ыры (Official Audio)
Пікірлер: 1