Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/saadatym
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Күнөөлүү белем
Сөзү, обону: Калмурат Рыскулов
Канатындай куштардын каштарыңа мен,
Кундуз сымал капкара чачтарыңа мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Күйүп барам махабаттын аптабына мен.
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Жүрөгүмдү эңсеткен сөздөрүңө мен,
Балбал жанган чырактай көздөрүңө мен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Жалгыз келем махабаттын өстөнүндө мен.
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Наристедей алпейим жүрөгүм менен,
Сүттөй аппак, таптаза тилегим менен.
Ашык болдум, сулуу кыз, айла кыла көр,
Сүйүп калсам мен эми күнөөлүү белем?
Жазда жамгыр жаагандай ага жарашып,
Ашыгым ай, боло көр сен да мага ашык.
Жазга окшогон жаштыктын көчөсү менен,
Келечекке баралы колду кармашып,
Бирге жанашып, калбай адашып.
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Күнөөлүү белем (Official Audio)
Пікірлер: 4