Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/saadatym
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Саадатым
Сөзү: Жылдызбек Алыбаев
Обону: Токтобек Асаналиев
Сүйдүм, мен сени кааладым,
Сезимди ыйык бааладым.
Сан сулуу кыздын ичинен,
Сүйүүмдү сага арнадым.
Суйкайган сулуу маралдай
Сүйгөнүм сенсиң, Саадатым.
Ашыктык отун тутантып,
Ансайын күндө күч алып.
Ак куу бир болуп көлдөгү,
Алдымдан өтсөң суналып.
Армансыз өтөр бул жашоо,
Ак сүйүүм кетсе уланып.
Ааламдан издеп таба албас,
Адамдан сиздей жаралбас.
Ашыгын сыздап үн созот,
Антпесе сизге бара албас.
Ак куу бир болдуң, Саадатым,
Ак шумкар оңой ала албас.
Дегдеттиң мынча дүйнөдө,
Деги эле сен деп сүйлөбө.
Дендароо болдум сен үчүн,
Демиме муздак үйлөбө.
Добушуң чыкса сүйөм деп,
Доом жок жарык дүйнөгө, ээй.
Ат-Башымдын төрүндөй,
Арпанын Чатыр-Көлүндөй.
Арманда жүргөн Токоңду,
Азаптуу ойдон бөлүнбөй.
Аздектеп алчу өзүңсүң,
Ак шумкар кылып өкүнбөй.
Туурасын айтам сөзүмдүн,
Тапканым сенсиң өзүмдүн.
Турмушту бирге уласак,
Таттуусу болор өмүрдүн.
Теңирге айтам ырахмат,
Тазасы болчу көңүлдүн.
Татынам Саадат, алтыным,
Теңим сен жалгыз өзүмдүн.
Ырларым чыгып сен менен,
Ышкылуу жаштык дем менен.
Ыйманың артык башкача,
Ырыстуу затсың пендеден.
Ышкыдар сендей сулууну,
Ырдабай койчу мен белем.
Мен үчүн бийик сен болдуң,
Махабат дайра сел болдуң
Муңканып канча күн өттү.
Муңайтпас күлкү, бел болдуң.
Меңи бар сулуу кыздардан,
Мен үчүн жалгыз гүл болдуң.
Миң сырдуу жалган дүйнөдө,
Мен менен Саадат бир болгун.
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Саадатым (Official Audio)
Пікірлер: 31