3-бөлүк
Ыйса Машаяктын төрөлүшү
KYB, Матф 1:18-22,24-25: "Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду. Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду. Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан. Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат». Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат. ... Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды. Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду."
Ыйса жонундо эмне биле алдык ?
1. Ыйса Ыйык Рухтан торолгон экен.
2. Ыйса деген аттын мааниси өз элин алардын куноолорунон куткарат деген маание коюлуптур.
3. Имануэл деп ат коюларын Кудай примерно 740 мин жыл мурун Ышайа пайгамбар аркылуу айткан экен.
Кандай сабак алып алабыз бул окуядан?
1. Адил адамдар башка бироонун айыбын байкап же билип калганда, элдин алдында шермеде жана шылдын кылып жайып чыкпайт экен. Андай иштерди жашыруун жерде чечип коет экен.
2. Кудай Туштор аркылуу да суйлойт экен.
#машайак #машайак #теңир #ыйса #библия #ыйыккитеп #кудай #куткаруучу #инжил #падыша #христианин#Дастанкайыпбердиев
Негізгі бет Ыйсанын төрөлүшү/ Ыйык Рухтан төрөлүшү
Пікірлер: 3