Чыныгы сүйүү - бул жан аябас, түсүнө, жынысына, жаш курагына жана коомдогу абалына карабастан, жакынына болгон өзүн-өзү четке каккан сүйүүнүн эң улуусу.
1Кор 13:4-7: "Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт, адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт, адилетсиздикке кубанбайт, чындыкка кубанат, баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарынан үмүт үзбөйт, баарын көтөрөт."
Чыныгы сүйүү эч нерсе күтпөйт. Пайда көрүп калайын же алайын деп эмес, тескерисинче, эмне бере алам деп турат. Ал өзүнүн тазалыгы, сүйкүмдүүлүгү, күчү жана толуктугу менен бул дүйнө сунуш кылган бардык нерседен ашып кетет.
Бул Кудайдын кандай экенин жана кулк-мүнөзүн сүрөттөгөн сүйүүнүн бир түрү. Ыйык Китепте: «Кудай - сүйүү»,- деп айтылат (1 Жакан 4:8). Ыйык Жазуунун түп нускасында “агапе” деген грек сөзү колдонулган.
Агапе - шартсыз сүйүү
“Агапе” сүйүүсү - бул Кудайдын адамга болгон сүйүүсү, б.а. бул сүйүү Атаны Уулу Ыйса Машайакты Өз өмүрүн берүүгө, адамзатты күнөөдөн жана анын кесепеттеринен куткарууга түрткү берген. Ыйса Машайакка ишенгендерге да Кудай ушул сүйүүнү тартуулайт.
Негізгі бет Чыныгы Сүйүү
Пікірлер