2-бөлүм
- Кеттик, кайда барабыз? - деди анан.
- Маршруткага отурабыз, - Акберди карап туруп келип токтогон маршруткага отурду, Мырза жанында, экөө бийик, жаңыча салынган эки кабат заңгыраган тамга келип дарбазадан кире бергенде балпайган ак жуумал аял көрө коюп жетип келди.
- Каралдым десе, жүдөп кеттиң, иштебей эле койсоң болмок, - деп үйрүлө түшүп эбелек боло Мырзага көңүл бурган дагы жок.
- Апа, бул менин иним болот, мындан ары сиздин балаңыз, аты мырза, - деди Акберди апасына жылмая карап.
- Эмне дейсиң? - Тоту уулун таңгала карап Мырзага бурулду, - Келе гой уулум, үйгө киргиле, жай сүйлөшөлүчү.
- Саламатсызбы? - деди Мырза адеп сактап.
- Саламат айланайын, жүргүлө үйгө.
- Атам келе элекпи?
Негізгі бет "Кең пейилдик бакыт" | 2 | Апа, бул менин иним болот | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
Пікірлер: 17