Тоту кичинекей наристени ичинен жек көрүп колуна албай жүрдү: “Туулбай жатып ата-энесин жуткан шүмшүк десе, кайдан да эрге тийе койду эле”, - деп жээрип туруп алды. Жамийла кайненесинин өзүнө каршы экенин, асылып жатканын ага айткан эмес. Убакыт деген билинбей өтөт эмеспи, ал бат эле өтүп билинбей Жаркынай сегизге чыгып чекилдеген татынакай кыз болуп өсүп бара жатты. Сагынбек болсо эки-үч ай төшөктө жатып көз жумган. Турдуканды сиңдиси ооруканага жаткырып койгон, ал катуу айнып калган, жакын-алысын деле тааныбай күлүп каткырып, өзүнчө сүйлөп жүрө берет.
- 20 күн бұрын
"Токол" | 3 | Убакыт деген билинбей өтөт эмеспи | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
- Рет қаралды 36,862
Пікірлер: 21