Премьера песни
Токтобек Асаналиев - Эсимде (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/esimde
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Эсимде
Сөзү Жусуп Турузбеков
Обону Атай Огонбаев
Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Калды го бекен эсинде,
Кыйышпай күлө карашкан.
Антыңды ойлоп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.
Негізгі бет Токтобек Асаналиев - Эсимде (Official Audio)
Пікірлер: 2