Матф 4:12-14,16: "Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти. Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея көлүнүн жээгиндеги Капернаум шаарына жайланышты. Бул Ышайа пайгамбар аркылуу «Деңизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы өйүзүндө жашаган бутпарастардын Галилеясы, ... караңгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык жаркырады» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн болду."
Матф 5:14-16: "Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт. Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт. Үйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт. Силердин жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын."
#куткаруучу #ыйса #библия #инжил #максат #машайак #падыша #теңир #христианин #ыйыккитеп
Негізгі бет Улуу жарыкты көрүштү | биз дүйнөнүн жарыгыбыз | Дастан Кайыпбердиев
Пікірлер: 2