Ыйса жөнүндө Пайгамбарчылыктардын аткарылып жатканы.
KYB, Матф 2:13-17,19-23: "Даанышмандар жөнөп кетишкенден кийин, Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп: «Тур, Наристени жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол. Анткени Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатат», - деди. Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, түн ичинде Мисирди карай жол тартты. Ошентип, алар Ироддун көзү өткөнчө, ошол жерде болушту. Теңирдин бир пайгамбар аркылуу «Уулумду Мисирден чакырып алдым» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ирод өзүнүн даанышмандарга алданып калганын билгенде, аябай каарданып, Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жаштагы жана эки жашка чейинки эркек балдарды кырып салууга аскерлерди жөнөттү. Ал Анын жашын даанышмандардан сурап билип алган убакыт боюнча аныктады. Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу «Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул - өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок» деп айтылган сөз аткарылды. ... Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп: «Тур! Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө. Анткени Наристени өлтүрүүнү каалагандардын көзү өтүп кетти», - деди. Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди. Жүйүт аймагында атасы Ироддун ордуна уулу Архелай падышачылык кылып жатканын угуп, Жусуп ал жакка баруудан коркту. Бирок түшүндө аян алып, Галилея аймагын көздөй жол тартты. Ал жерге келип, Назарет деген шаарга жайланышты. Пайгамбарлар аркылуу «Ал “назареттик” деп аталат» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду."
#машайак #библия #кудай #куткаруучу #христианин #ыйса #ыйыккитеп #инжил #падыша #теңир
Негізгі бет Ыйса жөнүндө пайгамбарчылыктардын аткарылганы
Пікірлер: 2